Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовАла-Тоо аянтындагы киши. Архив
Ала-Тоо аянтындагы киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Жазылуу
10-январга караган түнү Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Ысык-Көлдүн айрым райондорунда кар жаашы ыктымал. Республиканын башка региондорунда күн ачык болуп, туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде -2...+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл чөлкөмүндө +1...+6 градус жылуу, ал эми Нарын аймагында -5...-10 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында -1...+1 болсо, Ош калаасында +3...+5 градуска жетет.
Бала эшикте кар жаган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0