Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековЧуңкурчак лыжа комплекси. Архив
Чуңкурчак лыжа комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Жазылуу
9-январда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондорго туман түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3...+8, Талас жергесинде +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0...+5 градус, ал эми Нарын аймагында -4...-9 градус болоору айтылды.
Термометр Бишкекте жана Ошто +6...+8 градусту көрсөтөт.
Кышында ысык чай ичип аткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Үшүк алганда ысык нерсе басууга же ысык ичүүгө болбойт. Пайдалуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0