Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстан 8-январда: коомдук транспорт жүрүп баштады, атайын операциялар уланууда

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүНур-Султан шаарындагы көчөдө тартип сакчылары нөөмөттө турушат.
Нур-Султан шаарындагы көчөдө тартип сакчылары нөөмөттө турушат. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Жазылуу
Акорда казакстандыктарга жөнөткөн эртең мененки билдирүүсүндө, эмгек жамааттарын айрым күчтөрдүн чагымына алдырбоого, ал эми ишкерлерди азык-түлүктүн баасын көтөрбөөгө чакырды.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бүгүн, 8-январда, Казакстандын айрым жерлеринде атайын операциялар уланып жатат. Жалпы төрт миңдей террорчу кармалганын, алар өмүр бою кесилиши мүмкүндүгүн Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн бөлүгү Казакстанга келип, өлкөнүн инфраструктурасын кайтаруу милдетине киришүүдө. ЖККУнун Казакстанга бейкуттук орнотуучу күчтөрүнүн кол башчысы генерал-полковник Андрей Сердюков болууда.
Акорда казакстандыктарга жөнөткөн эртең мененки билдирүүсүндө, эмгек жамааттарын деструктивдүү күчтөрдүн чагымына алдырбоого жана ишин улантууга чакырган. Ал эми Казакстандын жетекчилиги ишкерлерди жарандык тилектештигин көрсөтүп, азык-түлүктүн баасын көтөрбөөнү өтүнгөн.
Агенттиктин кабарчысынын айтымында, Алматыда антитеррордук операциялар уланып, шаардыктар полицияга шектүү адамдардын тобун табууга жардам берүүдө. Кооптуу делген кишилер парк менен скверлерде жашырынып, полициянын ишин коюу туман кыйындатып жатканы айтылат.
Кызылордада да атайын операциялар жүрүүдө, аймакта коопсуздуктун "кызыл" деңгээли сакталууда.
Актаунун "Ынтымак" аянтында эл бир топ азайган. Ал жакта боз үй, автобустар дагы деле турат. Аянттын үч тарабын кайгуул автоунаалары курчаган.
Российские миротворцы и силовики РК взяли под контроль аэропорт Алматы — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
РФтин тынчтык орнотуучу күчтөрү Алматы аэропортун көзөмөлгө алды. Видео
Шаарда бүгүн бир нече күндөн бери алгачкы жолу коомдук транспорт жүрүүдө, бирок уюлдук телефондун байланышы жок.
Шымкентте бизнес жана маданий имараттар кыйраган.
Маңгыстау облусунда жана Караганда шаарында абал туруктуу. Шаарда кызматтар менен объектилер кадимки тартипте иштеп жатат. Маңгыстауда коменданттык саат киргизилип, көчөдө куралчан кайгуулдар нөөмөттө турат. Карагандада коомдук транспорт жүрүүдө.
Өлкөдө абал турукташкандан кийин ыктыярчылар гуманитардык жана психологиялык жардам көрсөтүүгө камынып жатканы белгиленет. Бул үчүн борбордо волонтёрлордун бирдиктүү координациялык борбору түзүлгөн.
Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланды. Президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атады. Мындан улам ЖККУга жардам сурап кайрылган.
Кечээ Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сооттолгон 8 техника, аскердик 11 автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам бермекчи.
Алматыдагы аэропорт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаевдин экс-кеңешчиси: аэропортко кол салуудан мурда күзөттү алуу буйругу келген
Жаңылыктар түрмөгү
0