Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Кыргызстанда азык-түлүк запасы жетиштүүбү? Президенттик аппараттын билдирүүсү

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүУн склады. Архивдик сүрөт
Ун склады. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Жазылуу
Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын турукташуусу соода-экономикалык мамилелерди жөнгө салууга негиз болот.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстанда социалдык маанилүү азык-түлүк жана күйүүчү майдын запасы жетиштүү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбеков билдирди.
Мындай билдирүүнү ал кыргыз-казак чек ара пунктуларынын жабылышына байланыштуу айтып жатып белгиледи.
“Учурда өлкөдө социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен күйүүчү майдын жетиштүү запасы бар. Жарандарды азыктардын жетишсиздигинен же баанын кескин көтөрүлүшүнөн коркпоого чакырабыз. Эки өлкөнүн дипломатиялык ведомстволорунун демөөрчүлүгү менен мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги жеке өткөрүү пунктуларынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, — деп жазылат билдирүүдө.
Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын турукташуусу соода-экономикалык мамилелерди жөнгө салууга негиз болот.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась менен сүйлөштү
Жаңылыктар түрмөгү
0