Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл КаллиниковКышкы аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Кышкы аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Жазылуу
8-январга караган түнү республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5, Нарын чөлкөмүндө -3…-8 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында +6…+8 градусту көрсөтөт.
Туман каптаган Бишкек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Дем алышта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0