Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан үй бүлө. Архив
Көчөдө бараткан үй бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
6-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Өлкө аймагына туман түшөт.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +4...+9, Таласта +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл жергесинде +2...+7, Нарын аймагында -4...-9 градус болот.
Бул күнү термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте жана Ошто +7... +9 градусту көрсөтөрү айтылды.
Көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Январда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0