Медиатор жарандар кайсы маселе менен көп кайрыларын айтты
Жазылуу
Республикалык медиаторлор коомдоштугунун мүчөсү Анара Каримбекова өлкөдө медиаторлордун көмөгү менен чыр-чатакты чечүүнү каалаган жарандардын саны жыл сайын өсүп жатканын белгиледи.
Медиаторлорго ажырашкан жубайлар бала, мүлк жана мурас талашып көп кайрылышат. Бул тууралуу Анара Каримбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Медиатор жарандар кайсы маселе менен көп кайрыларын айтты
Медиатор жарандар кайсы маселе менен көп кайрыларын айтты
Анын айтымында, көбүнчө тараптар соттук процесстерден тажап калышат.
"Медиация институтуна мамлекеттен каражат бөлүнбөйт. Аталган тармак жеке дымактын негизинде эле иш алып барууда. Алгач жарандык иштер боюнча кайрылышчу. Ал эми 2019-жылдан тарта ошол кезде кабыл алынган жаңы кодекстердин негизинде кылмыш иши жана жоруктар боюнча дагы медиаторлордун кызматы колдонулуп жатат. Процедурага ылайык, жарандар алгач медиация тууралуу маалымат алат. Эгерде чыр-чатагын ушул жол менен чече аларына көзү жетсе келишим түзүп, медиатор ишин баштайт. Соңку үч жылда 3 000 кайрылуу болсо, болжол менен анын 50 пайызы келишим түзүп, 30-33 пайызы жакшы жыйынтыктарга жеткен. Медиаторлорго көбүнчө ажырашып жаткан жубайлар бала, мүлк талаш менен кайрылышат. Ошондой эле мурас бөлүштүрүү, алимент өндүрүү, карыз кайтаруу, эмгек келишиминин аткарылышы боюнча келгендер бар", — деди Каримбекова.
Ошондой эле ал "Улуттук медиация борборунун" аймактарда филиалдары ачылып жатканын кошумчалады.