Ак халатчандар күзөтчүлүк ишин да аткарат. Кызыл-Жардагы оорукана. Видео

Жазылуу
Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылында республикалык психиатриялык оорукана жайгашкан. Кылмышка шектүүлөргө өлкө боюнча соттук-психиатриялык экспертиза дал ушул жерде жүргүзүлөт.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин чыгармачыл тобу оорукананы тартып, дарыгерлер менен сүйлөштү.
Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукана 1961-жылы негизделген. Имарат азыр 300дөн ашуун кишиге эсептелген. Ал жалпы сегиз бөлүмдөн турат. Төрт бөлүмү психикалык дарттары барларга, бирөө мажбурлап дарылоого, бирөө соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүүгө, дагы бирөө психикалык-соматикалык оорусу барларга арналган.
Ооруканада бейтаптар качкан, медиктерге кол салган учурлар болуп турат. Кызыгы, имараттын бир гана бөлүмү — соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлгөн №8 бөлүмү гана ИИМ кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынган. Калган бөлүмдөрүндө ак халатчандар дарыгерлик да, күзөтчүлүк, жан сакчылык да ишин аткарып келет.
Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Үч жыл жуунбаган бейтаптын кирин кырып. Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадан баян
Жаңылыктар түрмөгү
0