Чүйдө таксистти сабап, унаасын тартып алды деген шектүүлөр кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиБишкектин четиндеги Аламүдүн айылында каракталган таксисттин унаасы
Бишкектин четиндеги Аламүдүн айылында каракталган таксисттин унаасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Жазылуу
Шектүүлөр айдоочуну коопсуздук куру менен муунтуп, бычак такап, автоунаасын аларга сатканы тууралуу тилкат жазып берүүнү талап кылышкан.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Аламүдүн айылынан таксистти каракчылык менен тоноого шектелип үч киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиБишкектин четиндеги Аламүдүн айылынан таксистти каракчылык менен тоноого шектелип үч киши кармалды
Задержание подозреваемых в разбойном нападении на таксиста - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Бишкектин четиндеги Аламүдүн айылынан таксистти каракчылык менен тоноого шектелип үч киши кармалды
Ага ылайык, окуя 31-декабрда болгон. Түнкү саат 02:00дөр чамасында кылмыш кылууну пландаган үч киши таксини Бишкектеги көчөлөрдүн бирине чакырган.
"Алар Күн-Чыгыш айылына келгенде айдоочуну сабап, коопсуздук куру менен муунтуп баштаган. Ошол эле учурда бычак такап, автоунаасын аларга сатканы тууралуу тилкат жазып берүүнү талап кылышкан", — деп жазылган маалыматта.
Андан кийин шектүүлөр 18 жаштагы айдоочунун унаасы менен уюлдук телефонун алып, өзүн талаага таштап кетишкен.
1-январда Чүй ОИИББдин Криминалдык милиция кызматы менен Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери 18-20 жаштардагы үч баланы кармаган. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурдалган унаа Ысык-Ата районунан табылган. Шектүүлөр аны сатканга аракет кылганы айтылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, Жазык кодексинин "Каракчылык" беренеси менен тергөө жүрүүдө.
Бишкекте таксисттин далысына бычак сайган деп шектелип кармалган жаран - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Бишкекте таксисттин далысына бычак сайды деп 62 жаштагы киши кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0