Экс-депутат бар. Бишкектеги эки шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПортфелдер. Архивдик сүрөт
Портфелдер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Жазылуу
Бул округдардан талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар 27-январга чейин арыз бере алат. Аларды каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтында Бишкектин эки шайлоо округу боюнча өзүн көрсөткөн талапкерлердин тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдирип 11 талапкер кайрылды.
Эки округдан талапкер болгондордун тизмеси:
Биринчи май шайлоо округу:
Гапаров Адылбек Абдикаримович;
Акылбеков Русланбек Акылбекович;
Аматов Рысбай Аматович;
Сартаев Анвар Айдарович;
Токтакунов Нурбек Акбарович;
Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна.
Свердлов шайлоо округу:
Султанбеков Муратбек Кеңешбекович;
Бейшенбаев Эдиль Нурбекович;
Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;
Жолдошова Назгуль Амантуровна;
Асанбеков Жаныбек Асанбекович;
Алмамбетова Гуля Идиновна.
Бул округдардан талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар 27-январга чейин арыз бере алат. Аларды каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 7-26-февраль күндөрү өтөт.
Эске салсак, ушул жылдын 28-ноябрында өлкөдө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болуп өткөн. Анда аталган эки шайлоо округунда "баарына каршы" графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.
Сүрдөп, жаңылып... Депутаттардын ант берүү учурунан кызыктуу ирмемдер. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Сүрдөп, жаңылып... Депутаттардын ант берүү учурунан кызыктуу ирмемдер. Видео
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Ажатканада кагазы, ашканада тамагы жок. Жаңы депутат Ак үйдүн кейпине кейиди
Жаңылыктар түрмөгү
0