Жогорку Кеңештин болжолдуу структурасы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңеш. Архив
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жазылуу
Төрт вице-спикерлик орун сунушталууда. Мурунку чакырылышта төраганын үч орун басары бар болчу.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 7 комитет түзүү демилгеленип жатат. Бул тууралуу депутат Султанбай Айжигитов билдирди.
Төмөнкүдөй комитеттерди түзүү сунушталууда:
Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет;
Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасы, өнөр жай саясаты жана экология боюнча комитет;
Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет;
Финансы-экономикалык саясат боюнча комитет;
Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттык сактоо жана спорт боюнча комитет;
Тартип коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу боюнча комитет;
Транспорт, коммуникация, архитектура, курулуш жана агрардык саясат боюнча комитет.
Мындан тышкары, төрт вице-спикерлик орун түзүү демилгеленип жатат. Ушу тапта депутаттар парламенттин структурасын талкуулоодо.
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Ажатканада кагазы, ашканада тамагы жок. Жаңы депутат Ак үйдүн кейпине кейиди
Жаңылыктар түрмөгү
0