Саддам Хусейнди кантип кармашкан. Экс-котормочунун эскерүүсү

© Фото / Lance Corporal Kevin C. Quihuis Jr. (USMC) / Defense Visual Information CenterСаддам Хусейндин хан сарайына атайы операция учурунда. Архив
Саддам Хусейндин хан сарайына атайы операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жазылуу
Бүгүн массалык кыргынга алып келчү курал табылды деген кине менен Саддам Хусейндин өлтүрүлгөндүгүнө 15 жыл толду.
БИШКЕК, 30-дек. – Sputnik. Ирактын экс-президенти Саддам Хусейнди кармаар алдында америкалык аскерлер уктатуучу зат чачышкан, ал эми оокаттарынын маанилүүлөрүн уурдашкан. Бул туурасында америкалыктар менен кызматташкан ирактык котормочу (атын-жөнүн кооптуулуктан улам ачык атабай) РИА Новостиге айтып берген.
30-декабрда массалык кыргынга алып келчү курал табылды деген кине менен Саддам Хусейндин өлтүрүлгөндүгүнө 15 жыл болот. Бирок айтылган курал кийин өлкөдө жок болуп чыккан.
Котормочу Хусейнди кармоо операциясы учурунда аскерлер менен бирге жүргөн. Ал АКШ изделип жаткан жетекчинин кайда экендигин айткан кишиге бир нече миллион доллар убада кылгандыгын эске салды.
"Мен иштеп баштагандан болжол менен сегиз ай өткөндөн кийин жашыруун маалымат келип түштү, албетте, ал эч кимге айтылган жок. Саддам Хусейндин Салах-эд-Дин провинциясындагы Эд-Дур районунда жашырынып жатканын жан киши билген эмес. Бул Тигр дарыясынан бир нече метр гана аралыкта Эль-Маабар аймагындагы жер экен", — деп айтып берген агенттиктин маектеши.
Котормочунун маалыматына караганда, Хусейндин кайда жайгашкандыгы боюнча анын жан сакчыларынын биринин тууганы айтып койгон. Бул маалыматты текшерүү үчүн президентке тамак жеткирип барган күзөтчүнүн артынан аңдышкан.
"Бул кишинин президенттин жан сакчысы экендигин эч ким билген эмес, бирок америкалык аскерлерди анын базардан эң сапаттуу деген кымбат тамак-ашты сатып алганы шектендирген. Ошо кездеги абалды жана жашоо-тумуштун кандай экендигин эске алганда ал кишинин бул кадамы жакшылап аңдууга түрткөн. Артынан калбай жүрүп отуруп, анын кайда бара турганын аныкташкан", — деп баяндаган котормочу.
Аталган жерге америкалык атайын даярдыктагы аскерлер менен десант бир учурда түшкөн. Ал эми котормочуну аталган аймакка коё беришкен эмес, себеби анын противогазы жок эле.
"Ал жерден бир нече кишини алып чыгышкандан кийин ким экендигин сурадым... Менин офицерим алар Саддам Хусейн жана кармаганы барган спецназ экенин айтты. Бизге ал тургай жакындоого уруксат кылышкан жок", — деген.
Котормочунун айтымына караганда, ошол тегеректеги бир чакырым радиус аймакка — фермадагы имараттарга уктатуучу газ себилген.
Президент Ирака Саддам Хусейн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2019
"Чоң атам диктатор". Саддам Хусейндин небереси Ирактан кантип качканын баяндады
Хусейнди тик учак менен алып кетишкен, котормочу бөлмөсүн караганга жетишкен. Туурасы 3,5 метр, узуну 4 метр келген эки керебет коюлган жай болгон.
"Ортопедиялык эки бут кийим, кымбат кийимдер, атыр жана жеке буюмдар: президенттин кол сааты, үй-бүлөсүнүн сүрөттөрү, бош ленталуу кассета жана Хусейн өзү жасаган аудиосу бар диктофон турган. Андан сырткары, баалуу буюмдар, жеке тапанчасы бар эле", — деп айтып берген котормочу.
Ал кармалган президенттин жеке буюмдарынын арбыны уурдалып кеткендигин белгиледи.
"Саддам Хусейндин жеке буюмдарынын көбү уурдалган, бут кийим, саат, кийим, ал тургай тамактарын көтөрүп кетишкен. Аскерлердин кээ бирлери эстеликке деп алышкан", — деп кошумчалаган котормочу.
Ал кармоо операциясынан кийин апельсин дарактарын ак түстөгү нерсе каптап, ал эми тоту куштар, мал, жолбун иттер кырылып калганын айткан.
"Аскерлер келгенде бактын жалбырактарын ак нерселер каптап калган. Күн суук болчу, ал дагы эки-үч күн туруп, андан соң жок болду", — деген котормочу.
2003-жылы апрель айында АКШ башында турган антиирактык коалициянын кириши менен Иракта бийлик кулаган. Оккупация кылгандар башкаруучу "Баас" партиясынын жана ирак армиясын таратып жиберген. Экс-президент Саддам Хусейн ошол жылдын декабрь айында камакка алынып, андан кийин жаңы бийликке өткөрүп берилип, 2006-жылы өлтүрүлгөн.
Мужчина с огнетушителем на месте атаки Всемирного торгового центра 11 сентября в Нью-Йорке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
АКШнын "улуу согушунун" жыйынтыгы: миллион адамдын өлүмү, уурдалган триллиондор
Жаңылыктар түрмөгү
0