Киргшелктогу үч аялдын өлүмү. Шек жараткандар акталды

© Фото / Pexels / Sora ShimazakiСудьянын балкасы. Архив
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жазылуу
2016-жылдын 24-март күнү милиция кызматкерлери Киргшелк кыштагында 59 жаштагы үй кожойкеси, 56 жаштагы анын сиңдиси жана 25 жаштагы кош бойлуу кызынын бычакталган сөөгүн табышкан.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Киргшелктогу үч аялдын өлүмүнө тиешеси бар деп шек жараткан адамдар күнөөсүз деп табылып, акталды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.
Райондук сот мындай чечимди бүгүн, 28-декабрда, чыгарды.
Лебедев А.П., Шулик Е.С., Белоусов Э.Г. жана Пудовкин И.И. Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылкы) 164 ("Уурулук"), 97 ("Адам өлтүрүү") жана 156-беренелери ("Жашы жете электерди кылмыш жасоого тартуу") боюнча айыпталган.
Ал эми Н.С. менен Гогин А.Р. аттуу эки жаранга 164 ("Уурулук"), 97-беренелери ("Адам өлтүрүү") боюнча айып тагылган.
Жогоруда аталган алты жарандын бардыгы акталды. Алардын ар биринин аракетин иликтей келгенде кылмыштын белгилери табылган эмес.
Эске салсак, 2016-жылдын 24-март күнү милиция кызматкерлери Киргшелк кыштагында 59 жаштагы үй кожойкеси, 56 жаштагы анын сиңдиси жана 25 жаштагы кош бойлуу кызынын бычакталган сөөгүн табышкан. Ошол эле күнү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш ишин козгогон.
Биринчи Май рауондук соту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Жалда мыкаачылык менен сабалгандар: милиционерлер акталды
Жаңылыктар түрмөгү
0