COVID: 46 киши ооруп, бир бейтап көз жумду. 28-декабрдын маалыматы

© AP Photo / Jorge SaenzОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жазылуу
Учурда Кыргызстан боюнча коронавирус менен 600гө чукул адам алышып жатат.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 46 кишиден коронавирус табылып, бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Бир сутка ичинде 61 киши айыгып чыкты.
Жаңы жуктургандар:
Бишкек – 19;
Чүй облусу – 10;
Ош облусу – 4;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу - 2.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 184 552ге жетти. Анын ичинен 179 680 адам дартты жеңген. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 2 798 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта стационарда 264, ал эми амбулатордук шартта 325 адамдын дарыланып жатканы айтылды.
Кол чатыр менен турган бет капчан кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Коронавирустун "омикрон" штаммын симптому жок өткөрүү эмнеси менен кооптуу
Жаңылыктар түрмөгү
0