00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Личный интерес
«Театр Боотура» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:07
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Түндүк электрдин" жолдо көз жумган 3 кызматкери. Жакындары президентке кайрылды

© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской областиБишкек — Нарын — Торугарт жолунда катталган УАЗ жана Toyota Ipsum автоунаалардын жол кырсыгы. Архивдик сүрөт
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда катталган УАЗ жана Toyota Ipsum автоунаалардын жол кырсыгы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Жазылуу
Ишкананын үч кызматкери бир ай мурун жол кырсыгынан көз жумган. Алардын жакындары каргашага кириптер делген айдоочуну Ысык-Ата соту эртеси эле үй камагына чыгарып койгонуна нааразы. Ал эми соттон мунун себебин айтышты.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыгынан каза болгон "Түндүк электр" ишканасынын үч кызматкеринин биринин жакындары адилеттик издеп коомчулукка кайрылды.
Эске салсак, каргаша үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында кечке маал Канттын тушунда катталган. Чүй ОИИБдин алдын ала маалыматы боюнча, Toyota Ipsum автоунаасынын 41 жаштагы айдоочусу чыгыштан батыш тарапты көздөй бара жатып, автоунааны башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен. Жыйынтыгында УАЗ үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп, машина аласалып күйүп кеткен. Анын ичиндеги "Түндүк электр" ишканасынын үч кызматкери көз жумган. Мындан тышкары, жалпы эки автоунаадагы төрт жүргүнчү жабыркап, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.
Кийинчерээк каза тапкан кызматкерлер 57 жаштагы Айнура Көкүмбаева, 41 жаштагы Клара Алымкулова жана 52 жаштагы Төрөбек Карасартов экени белгилүү болгон.
"Түндүк электр" ишканасынын каза тапкан кызматкери Айнура Көкүмбаеванын тууганы Жеңишгүл Абдырасулова жана жакындары бул факт боюнча камалган кишини Ысык-Ата райондук соту эртеси эле үй камагына чыгарып койгонуна нааразы.
"Камалган кишинин жакындары соттор менен сүйлөшүп алса керек деген күмөн оюбуз бар. Үч киши унаада тирүүлөй күйүп кеткен! Каза болгон маркумдардын жалпы туугандары адилеттик издеп, Баш мыйзамдын кепилдиги, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин коргоочулары катары президент Садыр Жапаровго, Жогорку сотко, УКМКга, Башкы прокуратурага арыз бердик. Биз жакындарыбыздан айрылып аза күтүп отурсак, күнөөлүүлөрдүн эртеси эле эркиндикке чыгып кетишин соттордун адилетсиздиги катары баалайбыз. Ошондуктан бардыгын мыйзам чегинде карап беришиңиздерди суранабыз", — деди Абдырасулова.
© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской областиToyota Ipsum унаасы жол кырсыктан кийин
ДТП с участием УАЗ и Toyota Ipsum на автодороге Бишкек — Нарын — Торугарт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Toyota Ipsum унаасы жол кырсыктан кийин
Мындан сырткары, алар кар жаап, жолдун тайгак экендигине карабай шайлоо боюнча чогулушка Кеминден бери кызматкерлерин чакырган "Түндүк электр" ишканасынын жетекчилерине нааразычылыгын билдиришти.
"Аба ырайы бузулуп жатканда жолго чыгарышканы аз келгенсип, техникалык талаптарга жооп бербеген УАЗ кызматтык унаасын айдап жүрүшкөн. Ал эски болгону үчүн күйүп кетип жатпайбы. Туугандарыбыз буту-колу сынса дагы аман калат беле... Күйүп кеткендерин элестетип өзүбүзгө келе албай жатабыз, кочуштап дары ичип калдык", — деди маркумдун тууганы.
Чүй облустук сотунун маалымат катчысы Байыз Байказы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айдоочу 17-январга чейин үй камагына чыгарылганын тастыктап, анын себебин түшүндүрдү.
"Соттун аныктамасы боюнча айыпталуучунун жашы жете элек үч баласы бар экени аныкталып, туруктуу жашаган жери (Пригородное айылы) көрсөтүлгөн. Тагыраагы, ал сот-тергөө амалдарынан качпай турганы белгилүү болгон. Үй камагына чыгарууга прокурордун жардамчысы сунуш берген", — деп билдирди облустук соттун маалымат катчысы.
Ал маркумдун жакындары айыпталуучунун баш коргоо чарасына гана нааразы болуп жатканын, иш али тергелип бүтүп сотко өтө электигин белгиледи.
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Бишкекте жол кырсыгына кириптер 225 айдоочу из жашырган. Милиция жардам суроодо
Жаңылыктар түрмөгү
0