Этникалык кыргыздарга жарандык берүүнү жөнөкөйлөтүү мыйзамы сунушталды

© SputnikКыргызстандын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Жазылуу
Бийлик боордоштордун паспорт жана нике күбөлүгүнүн жоктугу, туруктуу каттоого турбаганы көйгөй жаратып келгенин белгилейт.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Этникалык кыргыздарды кабыл алуу шарттарын жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоору сунушталды.
Документти Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги демилгелеп, коомдук талкууга койду.
Долбоорунун максаты — Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздарды колдоо саясатын жакшыртуу, кайрылман макамын алууда тоскоолдуктарды жоюу. Ошондой эле кайрылмандардын жана этникалык кыргыздардын каттоо системасындагы көйгөйлөрүн чечүү, көчүп келүүчү этностук кыргыздарды кабыл алуу шарттарын жана аларды легалдаштырууну өркүндөтүү.
Анын алкагында "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзам өзгөртүлөт.
"Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын интеграция маселесинде кайрылман макамына ээ болуу башкы ролду ойнойт. Андыктан сунушталган мыйзам долбоорун тез арада кабыл алуу максатка ылайык келет", — деп жазылган документте.

Нике күбөлүк шарт эмес

Этникалык кыргыздарда никеге турган ырастамасы жок эле үй-бүлө куруп, балалуу болгондор көп кездешет. Нике күбөлүгүнүн жоктугу кайрылман ырастамасын алууда тоскоол болуусуна шарт түзбөшү керектиги белгиленди;
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Кыргызстанда балдарга берилген паспорттун мөөнөтү өзгөртүлдү

Паспорту жок учурда дагы кайрылман макамы берилет

Учурда расмий эмес эксперттик маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда таптакыр паспорту жок, мурда жашаган өлкөсүнүн паспортун алып, бирок мөөнөтү өтүп кеткен, жоготкон, жалпы жонунан өздүгүн аныктоочу документи жок он миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. Эреже боюнча, бул категориядагы адамдар кайрылман ырастамасын же жарандык алуу үчүн кайрыла алышпайт. Анткени тиешелүү мамлекеттик органдар паспорт (мөөнөтү жарактуу) талап кылышат.
Ошол себептүү Кыргызстанда туруктуу жашаган этникалык кыргыздарга жергиликтүү бийлик тарабынан берилүүчү таануу актысынын негизинде кайрылман макамын алууга шарт түзүү зарыл. Ал эми таануу актысынын жол-жобосу мыйзам алдындагы укуктук акт менен аныкталат.

Улутун аныктоо жеңилдейт

Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө же паспортунда "улуту" деген графа жок болуп, бирок этностук таандыгы КР дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси менен ырасталса, кайрылман макамын берүү ченемин киргизүү сунушталат.

Бийлик органдарынын мекемесине каттоого турат

Көчүп келген этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгүнүн менчик турак жайы жок, ал эми үй ээлери жашаган жери боюнча каттоого коюуга макул болушпайт. Натыйжада көптөгөн этникалык кыргыздар мыйзам бузуучулардын категориясына кирип социалдык жеңилдиктерди жана Кыргызстандын жарандыгын ала алышпайт. Ушуга байланыштуу баш калкалоочу туруктуу турак үйлөрү жок кайрылмандарды жашаган аймагы боюнча айылдык аймактардын юридикалык адресине каттоого тургузуу ченеми киргизилүүдө.
Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Улуу Памирден келген этникалык кыргыздарга арналган атайын шаарчанын курулушу кийинки жылы башталат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Чоң-Алайда памирликтерге арналган шаарчанын курулушу кийинки жылы башталат
Жаңылыктар түрмөгү
0