Эртең Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйналышын өткөрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
Жыйында өкмөттүн 2021-жылы аткарган ишинин отчёту угулуп, 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу планы каралат.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Эртең, 25-декабрда, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жыйында өкмөттүн 2021-жылы аткарган ишинин отчёту угулуп, 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу планы каралат.

"Иш-чарага министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышат. Андан тышкары, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышат", — деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин жыйналышы КТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде көрсөтүлө турганы айтылды. Түз эфир саат 9:00дө башталат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Жапаров улуттук коопсуздук боюнча жарлыкка кол койду. Берилген тапшырмалар
Жаңылыктар түрмөгү
0