Экс-депутат Бактыбек Калмаматов Бишкектеги № 1 тергөө абагына камалды

© Фото / пресс-служба ЦИК КРЖогорку Кеңештин экс-депутаты, активист Бактыбек Калмаматов. Архив
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, активист Бактыбек Калмаматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
Активистти эки күн мурда чет өлкөгө чыкканы жатканда кармашкан. Ал аймактар аралык кастыкты козутууга шек жаратып жатат.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, активист Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин Бишкектеги № 1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Чечим бүгүн кабыл алынган.
Экс-депутат 22-декабрда "Манас" аэропортунан чет өлкөгө учканы жатканда кармалган.
УКМК билдиргендей, Калмаматов социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар деген маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. УКМК тергөөдө бул маалыматтар тастыкталганын билдирди.
Темир тор артындагы адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Депутат болчу талапкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Жаңылыктар түрмөгү
0