УКМК: Акаевге "Кумтөр иши" боюнча жаңы айыптар тагылды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Аскар Акаев. Архив
Мурдагы президент Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тарабынан таратылган маалыматтар жалган экендигин айтты.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. "Кумтөр иши" боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланууда жана аталган иш боюнча жаңы айыптар тагылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Коопсуздук комитети Аскар Акаевге коюлган бардык айыптарды алып салуу боюнча айрым адамдардын такталбаган билдирүүлөрүнө байланыштуу маалымат таратып жаткандыгын айтышты.
"Жүргүзүлүп жаткан тергөөгө тиешеси, иш боюнча ишенимдүү маалыматы жок адамдардын мындай билдирүүлөрү — жөн гана өзүн пиар кылуу максатында коомчулуктун оюн бурмалоо жана атайылап адаштыруу. Мындан улам УКМК "Кумтөр иши" боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын коомчулукка кабарлайт", — дешти УКМКдан.
Андан сырткары, Акаевге жаңы айыптар тагылып жаткандыгын маалымдашкан.
"Мурдагы президент Аскар Акаевге 1992-жылы "Камеко" компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды. Айрыкча Аскар Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жана анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылган", — деп билдиришти комитеттен.
Президент Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Аскар Акаев анын Кыргызстанга келишин эки президент макулдашканын айтты
Кылмыш ишинин тергөө амалдары улантылып, "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууга байланыштуу кылмыштарды жасоонун башка фактылары аныкталып жатканы айтылды.
"Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишке тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет. Ошондуктан Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тарабынан таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт", — дешти УКМКдан.
УКМК өлкө жарандарын өзгөчө кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулукту адаштырбоого дагы бир ирет чакырды.
Эске салсак, "Кумтөр иши" боюнча Кыргызстанга суракка келип жаткан Аскар Акаев жакында эле Россиянын MK RU басылмасына маек берген. "Мекенимде мындан ары мага карата эч кандай доо-арыз жок. Эми мен Кыргызстандын башка жарандарындай эле өлкөгө каалаган учурда кирип, чыга алам", — деген эле.
Андан мурдараак анын үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков Sputnik Кыргызстанга УКМКнын биринчи президентине дооматы жок деген маалыматты билдирген.
Кыргызстан желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Аскар Акаев Кыргызстанга биротоло келеби? Туңгуч президенттин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0