Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги Ала-Тоо аянты. Архивдик сүрөт
Бишкектеги Ала-Тоо аянты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
22-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Ысык-Көлдөн башка облустардын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл чөлкөмүндө +2...+7 жылуу, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13...+15 жана Ош калаасында +11...+13 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0