Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Жакынкы айларда азык-түлүк кымбаттайбы? Экономика министринин жообу

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭкономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
Экономика жана коммерция министри азык-түлүктү импорттоо боюнча бир катар сүйлөшүүлөр бар экенин айтып, товарлар кескин кымбаттабайт деп божомолдоодо.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Азык-түлүктүн баасы дароо көтөрүлүп кетет деген божомол жок. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда билдирди.
Журналисттер "Тамак-аштын баасы жакын арада кымбатташы мүмкүнбү?" деген суроо менен кайрылды. Ал буга чейин бааларды ооздуктоо үчүн бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөнүн айтты. Мисалы, шекер жана унду экспорттоого кошумча нарк салыгы нөлдүк ставкага түшүрүлгөн. Бул кадам жакшы натыйжа берген.
"Менимче, баа өтө көтөрүбөйт. Эмне болсо дагы кырдаал көзөмөлдө. Биринчи кезекте өкмөт кайсы бир азыктын тартыштыгы жаралышына жол бербейт. Андыктан баалар дароо көтөрүлөт деп божомолдогон жокпуз", — деди министр.
Анын айтымында, шекерди импорттоо боюнча пландар коюлган, андыктан ички рынокто бул товардын баасын кармап турууга мүмкүнчүлүктөр жаралат.
Министрликтин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан башчысы Кеңешбай Тайлаков буга чейин өсүмдүк майы менен канттын баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилип, кыргызстандыктарга бир топ үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле ун сатуучулар менен келишим бар экенин кошумчалады.
"Биз баалардын негизсиз өсүшүн алдын алуу үчүн аракеттерди көрдүк. Кант боюнча маселе бар, анткени биз өзүбүздү 40-50 пайызга гана камсыздап, импорттон көз карандыбыз. Бирок жакында эле ЕАЭБде кантты пошлинасыз өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды. Менимче, азыркы запасыбыз март айына чейин жетет. Андан кийин импортчулар менен иштөө башталат", — деди Тайлаков.
Анын айтымында, суу май маселеси дагы жолго коюлду. Андыктан баалар кескин кымбаттабайт.
Андан кийин сөздү министр алып, буудай жеткирүү боюнча Казакстан менен келишим бар экенин кошумчалады.
Киши чөнтөгүнө акча салып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Пресс-борбор
Министр: Бажы жана Салык кызматтарындагы "сол чөнтөк" жок кылынды
Жаңылыктар түрмөгү
0