Чүйдө унаа жолдун боюндагы бак-дарактар күйүп кетти. Видео

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүӨрт. Архив
Өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, саат 20:55те толук өчүрүлгөн.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 61-чакырымында бак-дарактар жана куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Тилсиз жоо бүгүн, 21-декабрда, Чүй районунун аймагында катталып, жалын алты гектар жерди жалмаган.
Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, саат 19:46да чектөөгө алынган. Ал эми саат 20:55те толук өчүрүлгөнү айтылды.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Бишкектеги ири өрт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Бишкектеги күйүүчү май сакталган кампадагы өрттүн асмандан көрүнүшү
Жаңылыктар түрмөгү
0