Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сыдыков: кыргыз премьер-лигасына Баткен менен Чүйдөн эки команда кошулат

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков
Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Жазылуу
Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков күчтүү курама команда түптөө максатында 2022-жылы кыргыз премьер-лигасына жаңы эки команда кошуларын айтты.
Футбол боюнча өлкө чемпионатынын катарында кийинки жылы Баткен облусунан "Нур Баткен" жана Чүйдөн "Талант" клубу ойнойт. Бул тууралуу Медербек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сыдыков: кыргыз премьер-лигасына Баткен менен Чүйдөн эки команда кошулат
Анын айтымында, өлкөдөгү футболду өнүктүрүүдө Кыргыз футбол союзу мамлекеттик уюмдардын, өнөктөштөрдүн жана өкмөттүн колдоосуна муктаж.
"Өлкөдөгү футболду өнүктүрүүдө мамлекеттин колдоосу болбосо Кыргыз футбол союзунун күчү жетишсиз. Мындан тышкары, мамлекеттик уюмдар, өнөктөштөр, демөөрчүлөрдүн жардамы менен чоң иштерди аткара алабыз. Учурда ички чемпионатка көңүл буруп, командалардын санын көбөйтүү иштери жүрүүдө. Алсак, 2022-жылы премьер-лигада 10 команда ат салыша турган болду. Баткен облусунан "Нур Баткен" командасы жана Чүйдөн "Талант" клубу мелдешке катышат. Бүгүнкү күндө жаштар арасындагы футболго басым жасалып, алардын потенциалын арттыруу жагында да иштер каралып жатат. Футбол клубдарынын жетекчилери менен сүйлөшүп, кийинки жылы 19 жашка чейинки оюнчулар арасында республикалык мелдеш уюштуруу пландалууда", — деди Сыдыков.
Ошондой эле жетекчи Кыргыз футбол союзу эл аралык талаптарга жооп берген стадиондун салынышы боюнча сунуш берип, ал долбоор иштелип чыккандан кийин курулуш иштери башталарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0