Жапаров мамлекеттик ишканалардын кирешеси миллиарддап өсүп жатканын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров "Кыргыз Петролеум Компани" ЖАКтын ишмердүүлүгү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Петролеум Компани ЖАКтын ишмердүүлүгү менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы учурда 173 миң тонна мунай өндүрүп жаткан завод келечекте жылына 500 миң тонна мунай иштетүүгө жетиши керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Кыргызнефтегаз" ААКтын алдындагы "Кыргыз Петролеум Компани" компаниясына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Кыргызнефтегаз" ААКтын алдындагы "Кыргыз Петролеум Компани" компаниясына барды

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Кыргызнефтегаз" ААКтын алдындагы "Кыргыз Петролеум Компани" компаниясына барды - Sputnik Кыргызстан
1/3

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Кыргызнефтегаз" ААКтын алдындагы "Кыргыз Петролеум Компани" компаниясына барды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Анда Жапаровго ишкананын тарыхындагы рекорддук көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилген

Анда Жапаровго ишкананын тарыхындагы рекорддук көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилген - Sputnik Кыргызстан
2/3

Анда Жапаровго ишкананын тарыхындагы рекорддук көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилген

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Алсак, завод 2020-жылы 47 миллион сомго артка кеткен болсо, быйыл таза кирешеси 160 миллион сомду түзгөн

Алсак, завод 2020-жылы 47 миллион сомго артка кеткен болсо, быйыл таза кирешеси 160 миллион сомду түзгөн - Sputnik Кыргызстан
3/3

Алсак, завод 2020-жылы 47 миллион сомго артка кеткен болсо, быйыл таза кирешеси 160 миллион сомду түзгөн

1/3

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Кыргызнефтегаз" ААКтын алдындагы "Кыргыз Петролеум Компани" компаниясына барды

2/3

Анда Жапаровго ишкананын тарыхындагы рекорддук көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилген

3/3

Алсак, завод 2020-жылы 47 миллион сомго артка кеткен болсо, быйыл таза кирешеси 160 миллион сомду түзгөн

Анда Жапаровго ишкананын тарыхындагы рекорддук көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилген. Алсак, завод 2020-жылы 47 миллион сомго артка кеткен болсо, быйыл таза кирешеси 160 миллион сомду түзгөн.
Ал эми "Кыргызнефтегаздын" жылдык таза кирешеси былтыркыга салыштырмалуу 558 миллион сомдон 2,5 миллиард сомго (өсүү 4,5 эсеге), мунай өндүрүү 147 миң тоннадан 173 миң тоннага (1,2 эсеге өсүү) көбөйгөнү айтылган.
"Мен буга чейин бул жакка келип кеткем. Ишкананы жакшы сактап калыпсыздар. Өндүрүлгөн продукция өлкөнүн керектөөсүнүн 6-7 пайызын гана камсыздайт, бул жетишсиз. Завод жылына 500 миң тонна мунай иштетүүгө жөндөмдүү, ушул көрсөткүчкө жеткирүү зарыл", — деди Жапаров.
Мамлекет башчысы өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн иштеп, мамлекеттик ишканалар ушундай жол менен жанданып жатканын баса белгиледи. Аны менен катар "Манас" эл аралык аэропорту 3 миллиард сом таза киреше тапса, мурда кирешеси жок "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы азыр 1 миллиард 600 миллион сом пайда көргөнүн мисал келтирген.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Миллиарддарды жешкен. Жапаров кирешелүү тармактардагы көйгөйлөрдү тизмектеди
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Кумтөрдүн алтыны кайда сатылууда? Ишкана эки жылда канча салык төлөгөнү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0