Көчмөндөр оюндарынын ЮНЕСКОго кириши Кыргызстанга кандай артыкчылык берет?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жазылуу
Министр Көчмөндөр оюндары мындан ары жөн эле долбоор эмес, дүйнөлүк маданий мурас катары таанылганын белгиледи.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине кирди. Мындай номинация өлкөгө кандай артыкчылык берерин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, Кыргызстандын демилгесинин кабыл алынышы Көчмөндөр оюндарынын статусун дүйнөлүк деңгээлде бекемдеп койду.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОдо маданий мурастарды сактоодо дүйнөдөгү эң жакшы тажрыйба деп табылды. Биз Көчмөндөр оюндары кайдан чыкканын, кыргыз маданиятынын мурасы экенин жана башка мамлекеттердин да улуттук оюндарын сактоодо кандай жардам берерин далилдешибиз керек болчу. Баарын ырастагандан кийин ЮНЕСКО комитети жана комиссиясы "бул азыркы тапта улуттук маданий мурастарды сактоодогу эң жакшы аянтча" деп билдирди", — деди министр.
Ошондой эле ал Көчмөндөр оюндары мындан ары жөн эле долбоор эмес, дүйнөлүк маданий мурас катары таанылганын белгиледи.
"ЮНЕСКО бул өзүнүн тарыхы, басып өткөн жолу бар, дүйнө элдерине жаратмандык алып келүүчү аянтча экенин таанып жатат. Биз дүйнө коомчулугунда Көчмөндөр оюндары жөн гана долбоор эмес, маданиятты, спортту, улуттук оюндарды сактаган, башка мамлекеттерге үлгү болгон аянтча катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алдык", — деди Жаманкулов.
Ошондой эле министр дүйнөлүк номинацияга жетүү үчүн өлкөнүн улуттук федерациялары, мамлекеттик органдар, ЮНЕСКОнун өкүлчүлүгү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы, Этно оюндар конфедерациясы жана башка уюмдар эки жыл бою иштегенин билдирди.
Мөңгүлөр. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0