Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Лицензиялоо кирсе кыргызстандык таксисттердин иши кандай өзгөрөт

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүТакси. Архив
Такси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Жазылуу
Лицензиянын баасы азырынча чечиле элек, бирок Саркуловдун айтымында жеткиликтүү баада болот. Ал ошондой эле лицензия берген комиссия кайсы критерийлерди карманарын дагы айтып берди.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жеңил автоунаа менен иштеген таксисттерди лицензиялаштыруу кирери менен айдоочулардын жоопкерчилиги каралып, мамлекеттик көзөмөл киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЖол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов
Замначальника ГУОБДД КР Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ИИМ айдоочулук күбөлүктү, такси айдоого лицензияны кандай жол менен берет жана автоунааны кантип каттайт" деген аталыштагы брифингге катышты.
Саркуловдун айтымында, жеңил авто менен киши ташыган таксисттерге лицензия берүү эл аралык практикада бар.
"Ири жол кырсыктар эл аралык жана республикалык маанидеги трассаларда көп болот. Бирок жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил автоунааларга лицензия берилчү эмес. Болгону ыктыярдуу патент гана каралган. Салык органдары патент бергени менен айдоочунун милдеттери жазылчу эмес. Лицензиялоо системасы киргизилгенден кийин жүргүнчү ташыгандардын жоопкерчилиги каралып, мамлекеттик көзөмөл киргизилет. Бул жаңы нерсе эмес, бардык өнүккөн өлкөлөрдө колдонулган практика", — деди Саркулов.
Лицензия берүү маселеси тийиштүү мыйзам менен бекитилген. Эми ИИМ лицензиялоонун жол-жобосун иштеп чыгышы керек.
"Биз лицензиялоонун эрежелерин иштеп чыгып жатабыз. Аны кийин министрлер кабинети бекитет. Документти иштеп чыгууда жүргүнчү ташыгандардын сунуш-пикири дагы эске алынат. Бизде (0312) 63-09-00 номериндеги тынымсыз байланыш линиясы иштеп жатат. Ошондой эле ЖКККББнын сайты күнү-түнү бардык кайрылууларды кабыл алат", — деди Саркулов.
Ал ошондой камсыздандыруу системасы дагы иштей турганын белгиледи.
"Таксисттер жоопкерчилигин камсыздандырышы керек. Мында камсыздандыруу компаниялары иштейт. Камсыздандыруу боюнча төлөм методологиясы иштелип чыккан. Ага ылайык, келтирилген зыянга жараша камсыздандыруу боюнча төлөмдүн суммасы аныкталат", — деди ал.
Журналисттин "кеп жүргүнчүлөрдүн өмүрү менен ден соолугу жөнүндө болуп жатабы?" деген суроосуна Саркулов "ооба" деп жооп берди. Ал ошондой эле эгер таксист лицензиялык эрежени бузган болсо, анда лицензиясы чакыртып алынарын айтты. Долбоор 2022-жылдын биринчи кварталында даяр болору күтүлүүдө.
"Эрежелерди иштеп чыгуу үчүн биз "Жол кыймылы жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз керек. Ошондуктан биз алгач кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыктык. Жакынкы аралыкта Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз. Эгер парламент мыйзам долбоорду кабыл алса, министрлер кабинетинин чечими калат", — деди Саркулов.
Лицензиянын баасы азырынча чечиле элек, бирок Саркуловдун ою боюнча жеткиликтүү баада болот. Ал ошондой эле лицензия берген комиссия кайсы критерийлерди карманарын дагы айтып берди.
"Биз айдоочунун квалификациясына көңүл бөлөбүз. Анын тийиштүү категориядагы иш тажрыйбасы болушу керек. Транспорттун техникалык абалына дагы өзгөчө көңүл бурулат. Себеби лицензия машинага да байланат. Айдоочунун психологиялык абалы менен буга чейинки эреже бузгандары эске алынат", — деди ал.
Саркуловдун айтымында, иш ачык-айкын болушу үчүн комиссиянын курамына ИИМ өкүлдөрүнөн сырткары коомчулуктан дагы адамдар тартылат.
Эске салсак, декабрь айында президент Садыр Жапаров "Кыргызстанда жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, ИИМ автоунааларды каттап, автомектептер менен таксилерге лицензия берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0