ПЦР-тест тапшыруу: Бишкектеги лабораториялардын баасы жана шарты

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүCOVID-19га ПЦР-тест учурунда кыз. Архив
COVID-19га ПЦР-тест учурунда кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Жазылуу
Бишкекте COVID-19ду аныктоо үчүн ПЦР-тестти бир мамлекеттик жана алты жеке менчик лабораториядан тапшырууга болот. Баалар 788 сомдон тарта 2 410 сомго чейин экени аныкталды.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Өткөн аптада Россия коронавирусту аныктоо үчүн тапшырылган ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтүн 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартты. Мындай чечим COVID-19дун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.
Россияга каттаган кыргызстандыктар арбын болгондуктан, аталган өлкөдөгү мындай өзгөрүүлөр бизге дагы таасир этпей койбойт.
Бишкектеги ооруканада COVID менен ооруган бейтаптар менен медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
COVID менен күрөшкөн медиктерге ноябрь үчүн компенсация төлөндү. Суммасы
Көп өтпөй Кыргызстандын министрлер кабинетинин жыйыны болуп, анда төраганын орун басары Эдил Байсалов ПЦР-тесттин жарамдуулугун Кыргызстанда дагы дал ушунча убакытка кыскартуу маселесин карап чыгууну тапшырды
Мындан улам Sputnik редакциясы Бишкекте SARS-CoV-2 вирусун аныктоо үчүн ПРЦ-тесттин баасы, тапшыруу шарты азыр кандай болуп калганына кызыгып көрдү.
Анализдин бул түрүн бир мамлекеттик жана алты жеке менчик лабораториядан тапшырууга болот.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясы

  • Стандарттык тест — 788 сом;
  • Анализди тапшыруу убактысы — 8:30дан 14:00гө чейин;
  • Анализдин жыйынтыгын алуу убактысы — тапшырган күнү даяр болот;
  • Кимдер тапшыра алат — акы төлөп текшерилчү тестти каалоочулардын бардыгы тапшырса болот. Ал эми акысыз анализден майыптар, пенсионерлер, жети жашка чейинки бөбөктөр, кызматтык командировкага кетип жаткандар жана 118 кызматына кайрылган жарандар өтө алышат.

"Бонецкий" лабораториясы

  • Стандарттык тест — 1 690 сом;
  • Шашылыш тест — 2 410 сом;
  • Анализ тапшыруу убактысы – 6:00дөн 16:00гө чейин (айрым филиалдарда жана дем алыш күндөрү убакыт башкача болушу мүмкүн);
  • Анализдин жыйынтыгын алуу убактысы — шашылыш тесттин жыйынтыгы тапшырган күнү, стантарттык тесттики эртеси чыгат.

AquaLab лабораториясы

  • Стандарттык тест — 1 600 сом;
  • Анализ тапшыруу убактысы — ар кайсы филиалы ар кандай график менен иштейт. Мисалы, 7:00, 7:30 жана 13:00;
  • Анализдин жыйынтыгын алуу убактысы — 7:00дөн 9:30га чейин тапшырсаңыз, ошол эле күнү саат 19:00дөн кийин ала аласыз. Андан кийин тапшыргандар кийинки суткага караган түнү саат 2:00дөн баштап лабораториянын сайтынан көрө алат;

"Экспресс плюс" лабораториясы

  • Стандарттык тест — 1 500 сом;
  • Анализ тапшыруу убактысы — 7:30дан башталат;
  • Анализдин жыйынтыгын алуу мөөнөтү — 7:30дан 9:30га чейин тапшыргандар жыйынтыгын ошол эле күнү саат 18:00дөн кийин алат. 9:00дөн кийин тапшыргандар кийинки күнгө караган түнү саат 2:00дөн кийин көрсө болот. 

Лаборатория №1

  • Стандарттык тест — 1 670 сом;
  • Шашылыш тест — 2 070 сом;
  • Анализ тапшыруу убактысы — 7:30дан башталат;
  • Анализдин жыйынтыгын алуу мөөнөтү — шашылыш тесттин жыйынтыгы үч сааттын ичинде чыгат, стандарттык тесттин жыйынтыгы эртеси саат 6:00дөн кийин белгилүү болот.

"Интермедикал" лабораториясы

  • Стандарттык тест — 1 500 сом;
  • Шашылыш тест — 2 300 сом;
  • Анализ тапшыруу убактысы — шашылыш тесттики 7:30дан 11:00гө чейин. Стандарттыкы 7:30дан 13:00гө чейин; 
  • Анализдин жыйынтыгын алуу мөөнөтү — шашылыштыкы ошол эле күнү саат 17:00гө чейин, стандарттыкы эртеси күнү маалым болот.

"Гемотест" лабораториясы

  • Стандарттык тест — 1 300 сом;
  • Шашылыш тест — 2 300 сом;
  • Анализ тапшыруу убактысы — 7:30дан башталат; 
  • Анализдин жыйынтыгын алуу мөөнөтү — шашылыш тесттин жыйынтыгы төрт сааттан кийин, стандарттык тесттин жообу эртеси күнү чыгат.
Жаңылыктар түрмөгү
0