https://sputnik.kg/20211211/ala-bukada-ishkana-achylat-1054935269.html
Ала-Букада күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылат
Ала-Букада күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылат
Sputnik Кыргызстан
Ишкана райондогу эски сүт заводдун имаратында жайгашып, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган. 11.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-11T10:29+0600
2021-12-11T10:29+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
экономика
ала-бука району
сүт
кайра иштетүү
ишкана
ачуу
https://sputnik.kg/img/07e5/01/05/1050999618_0:331:3014:2036_1920x0_80_0_0_ce017c7de16bcafcead76989f208a047.jpg
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө ылайык, учурда жергиликтүү тургундарга сүт өндүрүү жана белгиленген эрежелерге ылайык өткөрүү боюнча атайын окутуулар жүргүзүлүп жатат.Ишкана ачылгандан кийин атайын техника менен айылды кыдырып, сүт жыйналары белгиленди.
ала-бука району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/05/1050999618_0:152:3014:2047_1920x0_80_0_0_585bb68b2a0d7d35f3908398734df1b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, ала-бука району, сүт, кайра иштетүү, ишкана, ачуу
жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, ала-бука району, сүт, кайра иштетүү, ишкана, ачуу
Ала-Букада күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылат
10:29 11.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ишкана райондогу эски сүт заводдун имаратында жайгашып, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, учурда жергиликтүү тургундарга сүт өндүрүү жана белгиленген эрежелерге ылайык өткөрүү боюнча атайын окутуулар жүргүзүлүп жатат.
"Район башчысы Нурбек Сатаровдун айтымында, буга чейин инвестор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ишкана райондогу эски сүт заводунун имаратында жайгашып, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Жакын арада имаратты оңдоп-түзөө иштери аяктаса, жумуштар башталат. Мында жергиликтүү калкка сүт багытындагы уйларды өстүрүүнү көбөйтүү максатында атайын семинар уюштурулуп, алдыңкы фермерлер тажрыйбалары менен бөлүшүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Ишкана ачылгандан кийин атайын техника менен айылды кыдырып, сүт жыйналары белгиленди.