https://sputnik.kg/20211207/korrupciyany-zhoyuu-zhany-koncepciyasy-1054884047.html
Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды
Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды
Sputnik Кыргызстан
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров 2021-2024-жылдар аралыгында коррупция менен күрөшүү боюнча жаңы... 07.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-07T10:58+0600
2021-12-07T10:58+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
саясат
кыргызстан
айдар мамбеткадыров
коррупция
стратегия
документ
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/07/1054883921_0:0:3072:1738_1920x0_80_0_0_63a1f31c4416ed2e94b189658d00fe42.jpg
Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды
Sputnik Кыргызстан
Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды
Коррупция менен күрөшүү боюнча бир топ стратегия иштелип чыгып, документтер кабыл алынган. Бирок биз иштеп чыккан концепциянын алардан айырмасы — республикалык масштабда жана бардык тармактарды өзүнө камтыйт. Бул тууралуу Айдар Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин 39 мүчөсү бар, ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылат.Ал аталган стратегия күнүмдүк коррупциялык элементтерден тарта аткаминерлер арасындагы ири коррупциялык иштерди да болтурбоо аракетин көрөрүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/07/1054883921_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_9de2927f786bc5b9af4fcd4651040877.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
саясат, кыргызстан, айдар мамбеткадыров, коррупция, стратегия, документ
саясат, кыргызстан, айдар мамбеткадыров, коррупция, стратегия, документ
Мамбеткадыров: коррупция менен күрөшүү концепциясы ачык жазылды
10:58 07.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Айдар Мамбеткадыров 2021-2024-жылдар аралыгында коррупция менен күрөшүү боюнча жаңы стратегияда элдин аң-сезимине таасир этүүгө көңүл буруларын айтты.
Коррупция менен күрөшүү боюнча бир топ стратегия иштелип чыгып, документтер кабыл алынган. Бирок биз иштеп чыккан концепциянын алардан айырмасы — республикалык масштабда жана бардык тармактарды өзүнө камтыйт. Бул тууралуу Айдар Мамбеткадыров
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин 39 мүчөсү бар, ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылат.
"Коррупцияны жоюу боюнча президенттин алдында түзүлгөн кеңеш 2021-2024-жылдар аралыгында аталган багытта иш алып баруу үчүн стратегия иштеп чыкты. Анын мурдагы документтерден айырмасы — бардык тармактарды камтыйт жана иш республикалык деңгээлде жүргүзүлөт. Аталган кеңештин 39 мүчөсү бар. Көпчүлүк эмнеге мынча көп адамдан турат деп суроо узатып жатышты. Анткени бул жакка бизнес өкүлдөрү, коомдук уюмдардан да кишилер тартылган. Ошондой эле стратегияны жазып чыгуу иштери ачык өткөрүлүп, каалоочулар өз сунуш-пикирлерин билдирип жатышты. Концепциянын дагы бир өзгөчөлүгү коррупциялык иштердин алдын алуу, жоопко тартуу эле эмес, элдин аң-сезимине таасир берүүгө басым жасоо да каралган. Ал эми бул кадамдар кандай тартипте ишке ашары боюнча методдору иштелип чыгууда", — деди Мамбеткадыров.
Ал аталган стратегия күнүмдүк коррупциялык элементтерден тарта аткаминерлер арасындагы ири коррупциялык иштерди да болтурбоо аракетин көрөрүн кошумчалады.