Афганистан, Борбор Азиядагы абал жана НАТО. ЖККУнун позициясы видеодо

Жазылуу
ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков Sputnik агенттигине берген эксклюзив маегинде Армен Гаспаряндын суроолоруна жооп берди.
Семериков маегинде 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып, ЖККУнун алдыдагы пландары, ага мүчө болгон мамлекеттердин чек арасындагы кырдаалга, Афганистандагы улам өзгөрүп турган абалга токтолду.
Маектеги урунттуу учурлар:
  • Борбор Азия аймагында Афганистандагы абалдан улам машыгуулар болуп, алар негизинен Тажикстанда өттү. Семериков машыгуулар тажик-афган чек арасындагы кырдаалга өзүнүн оң таасирин тийгизди деп эсептейт. ЖККУ абал курчуп кетсе, чечкиндүү кадам таштаганга даяр жана мүмкүнчүлүгү бар экендигин көрсөттү;
  • 2022-жылы машыгууларды Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын аймагында өткөрүү боюнча пландар бар. Алар аймактагы абалга жараша өзгөрүп кетиши да мүмкүн;
  • Афганистан аймактагы көйгөйлөрдөн болуп турат. Азырынча кандайдыр бир божомол жасоо кыйын, бирок террордук уюмдардагы согушкерлердин санын белгилеп, аныктоого болот. Кырдаал келген жаңы бийликтин ички саясатты кандай алып барарына, террорчулук менен күрөшүнө, баңгизаттардын таралышына байланыштуу;
  • Афганистанда учурда террордук 13-14 чакты уюм бар, алардын согушкерлеринин жалпы саны 23 миңге чукулдап барат. Анткен менен Афганистандан эки миллиондой адам чыгып кетти. Семериков террорчулар Тажикстан менен ЖККУнун башка өлкөлөрүнө качкын кейпин жамынып кирип кетиши да мүмкүн деп эсептейт. ЖККУнун башкы катчысынын орун басары миграциялык мындай кризистин кесепети кыйын болорун, бул кооптуу көрүнүш экендигин айтты;
  • Семериков НАТО ойлоп тапкан шылтоосун бетине бекем кармап, Чыгыш Европа менен Балтика боюндагы өлкөлөрдө — Беларусь менен Россиянын чек арасында аскердик топтору менен аскердик техникаларын арбын топтоп жаткандыгын айтты;
  • ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек арасына жакын жерлерде машыгуулар байма-бай өтүп жатат. НАТОнун чагымчылдык машыгуулары жана дагы башка иш-чаралары эмнегедир эл аралык уюмдар тарабынан байкалбай калып жатат. Семериков муну менен катар эле Евробиримдик Беларусь менен Россиянын ички иштерине кийлигишип, санкцияларды колдонуу менен болуп көрбөгөндөй басым кылып жаткандыгын белгиледи;
  • Кавказда (Армения менен Азербайжан) абал туруктуу, бирок чыңалып турат;
  • ЖККУнун даярдыгы менен шайма-шай турушу уюмдун кайсы аймак болбосун өзгөргөн абалга тез арада чара көрүп, коюлган милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берет;
  • ЖККУ Өзбекстан менен Сербияга байкоочулук макам берүү боюнча иш алып барып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0