Кыргызстанда бекер укуктук кеп-кеңеш берген декада башталды

© Sputnik / Алексей МайшевФемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жазылуу
Министрликтин колдоосу алдында өтүп жаткан декаданын максаты — элге укуктук жардам көрсөтүү, калктын аялуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бүгүн, 6-декабрдан тарта, Кыргызстан боюнча мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координаторлору, жактоочулар, юстиция органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар элге акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүшөт. Бул туурасында Юстиция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Мындан тышкары, декадада социалдык, үй-бүлөлүк жана башка маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери консультация беришет. Ошондой эле КРдин Адвокатурасы жана укуктук жардам көрсөтүүгө байланышкан бир катар коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасындагы координация борборунун координациялык кеңешинин, МКЮЖду өнүктүрүү үчүн иш алып барган улуттук тармактын мүчөлөрү, ЖОЖдордун юридикалык клиникалары да катышат", — деп айтылган маалыматта.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жазгүл Эгемназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Радио
Эгемназарова: зомбулук көрсөткөн 120 адам атайын иш-чарадан өттү
Министрликтин колдоосу алдында өтүп жаткан декаданын максаты — элге укуктук жардам көрсөтүү, калктын аялуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, укуктук жактан агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.
Декада боюнча кызыктырган суроолор менен төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болорун кабарлашты: (0312) 38-01-38 (кош. 106, 101), 05 54 45 11, Ысык-Көл, Нарын обл.- 0553 04 04 86, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас обл.- 0555 22 58 32, 0701 34-41-41, 0770 38-32-52.
Жаңылыктар түрмөгү
0