Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды

© Sputnik / Виктор ТолочкоКүрөш федерациясынын президенти болуп тандалган Мелис Турганбаев. Архив
Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалган Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Бүгүн Күрөш федерациясынын кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анда уюм мүчөлөрү бир добуштан Турганбаевдин талапкерлигин колдоп берген.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бүгүн, 3-декабрда, Күрөш федерациянын кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анда уюм мүчөлөрү бир добуштан 2024-жылдын аягына чейин Мелис Турганбаевдин талапкерлигин колдоп, аны президент кылып тандады.
Эске салсак, Мелис Турганбаев 2012-жылдан бери Эркин күрөш боюнча федерациянын вице-президенти болуп келген.
Буга чейин федерацияны жетектеген Шаршенбек Абдыкеримов 24-ноябрда ал бул кызматты тапшырып бергенин жар салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0