Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайсы кесиптер суроо-талапка ээ? Тизме

© Фото / Pexels / ThirdmanМедициналык кызматкер. Иллюстративдик сүрөт
Медициналык кызматкер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
ЕАЭБ өлкөлөрүндө саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жаатында адистер жетишпей жатканы белгилүү болду.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова биримдиктин эмгек рыногунда кайсы кесип, адистиктер суроо-талапка ээ экенин айтты.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн Москва — Бишкек — Минск — Ереван — Нур-Султан өлкөлөрүнүн ортосундагы "Кыргызстандыктардын Россиядагы жумушу" тууралуу видеокөпүрөдө сөз сүйлөдү.
Өмүрбекованын айтымында, тизме ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук статистикалык комитеттери берген маалыматтардын негизинде түзүлгөн.
"Биримдикте саламаттык сактоо тармагында кызмат кылгандар суроо-талапка ээ. Кеп инфекционист, реаниматолог-анестезиолог, лаборант, эпидемиолог, жалпы практика боюнча дарыгер тууралуу болуп жатат. Билим берүү жаатында да адистер жетишпейт. Маселен, STEM багытындагы педагогдор. Автомобилдик транспорт, калкты тейлөө, турак жай-коммуналдык чарба, курулуш жаатында да адистер керек", — деди ал.
Кыргызстандагы IT-компаниялар ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
IT адиси болчуларды окутуп, такшалтабыз. Компаниялар бирикмесинин өкүлү менен маек
Бардык мамлекеттерде IT-технология жаатындагы адистер да талап кылынат. Өмүрбекова мындай суроо-талапка ээ кесиптин арасында айыл чарба, өнөр жай тармагы бар экенин кошумчалады.
Ал мындай тизме ЖОЖдорго бүтүрүүчүлөрдү кайсы багытта даярдоого жакшы багыт боло турганын кошумчалады. Өмүрбекова ЕАЭБде суроо-талапка ээ делген кесиптердин толук тизмесин ЕЭКтин сайтынан тапса болорун белгиледи.
Эске салсак, Алтынай Өмүрбекова 2021-жылдын 5-октябрында Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Эмгек, миграция жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0