https://sputnik.kg/20211129/bazhy-chek-ara-tovarlar-otkoruu-koridor-turlor-anyktaldy-1054794483.html
Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды
Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды
Sputnik Кыргызстан
Мындай чечим ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу максатында... 29.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-29T13:48+0600
2021-11-29T13:48+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
экономика
бажы
өкмөт
чечим
евразиялык экономикалык биримдик
бажы биримдиги
еаэбдеги кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0b/1051740178_0:429:2879:2048_1920x0_80_0_0_6ecc8029a7c4f554b012f888de00f28a.jpg
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Мындан улам "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамынын 103-беренесине, "Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 13 жана 17-беренелерине ылайык, бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун төмөнкүдөй түрлөрү жана категориялоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча тиешелүү чаралар аныкталды:"Жашыл коридор" боюнча тобокелдиктин деңгээли төмөн болгон тышкы экономикалык иштин катышуучусунун дарегине өткөрүлүүчү жана ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарларга карата тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды колдонбостон бажы декларациясы катталган учурдан тартып 30 мүнөттөн ашпаган убакытка белгилениши шарт. Буга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте "жашыл коридордон" башка коридорго өткөрүү учурлары кирбейт.Ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, бажылык декларациялоодо бажы декларациясы катталгандан тартып товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууда үч сааттан ашпаган убакытка белгилөө чечими кабыл алынды.Ал эми бажы декларациясы бажы органынын иш убактысынын аяктаарына үч сааттан аз убакыт калганда катталса, ушул бажы органынын иштеп баштаган учурунан тартып 3 сааттын ичинде деп көрсөтүлгөн.Жактарды тобокелдиктин төмөн, орто же жогорку деңгээлиндеги категорияларга киргизүү тартиби жана критерийлери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат деп белгиленген.
https://sputnik.kg/20211116/kyrgyzstan-eaeb-sooda-alaka-korsotkuch-1054613751.html
https://sputnik.kg/20210301/veterinardyk-zhana-fitosanitardyk-kozomol-tyyuu-1051625119.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0b/1051740178_74:0:2805:2048_1920x0_80_0_0_fcf98bd3ae036e1b3878dcb274ed6b36.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, экономика, бажы, өкмөт, чечим, евразиялык экономикалык биримдик, бажы биримдиги, еаэбдеги кыргызстан
жаңылыктар, дүйнөдө, экономика, бажы, өкмөт, чечим, евразиялык экономикалык биримдик, бажы биримдиги, еаэбдеги кыргызстан
Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды
13:48 29.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мындай чечим ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу максатында кабыл алынган.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
16 Жетинин айы 2021, 11:42
Мындан улам "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамынын 103-беренесине, "Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 13 жана 17-беренелерине ылайык, бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун төмөнкүдөй түрлөрү жана категориялоонун жыйынтыгы боюнча колдонулуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча тиешелүү чаралар аныкталды:
- "жашыл коридор" – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбайт;
- "сары коридор" – документтерди текшерүү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулат;
- "кызыл коридор" – "бажылык жана башка документтерди, (же) маалыматты текшерүү" жана "бажылык текшерүү" бажы контролунун формаларын милдеттүү түрдө колдонуу менен тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн бардык чаралар колдонулушу мүмкүн.
"Жашыл коридор" боюнча тобокелдиктин деңгээли төмөн болгон тышкы экономикалык иштин катышуучусунун дарегине өткөрүлүүчү жана ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарларга карата тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды колдонбостон бажы декларациясы катталган учурдан тартып 30 мүнөттөн ашпаган убакытка белгилениши шарт. Буга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте "жашыл коридордон" башка коридорго өткөрүү учурлары кирбейт.
1 Жалган Куран 2021, 10:21
Ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, бажылык декларациялоодо бажы декларациясы катталгандан тартып товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууда үч сааттан ашпаган убакытка белгилөө чечими кабыл алынды.
Ал эми бажы декларациясы бажы органынын иш убактысынын аяктаарына үч сааттан аз убакыт калганда катталса, ушул бажы органынын иштеп баштаган учурунан тартып 3 сааттын ичинде деп көрсөтүлгөн.
Жактарды тобокелдиктин төмөн, орто же жогорку деңгээлиндеги категорияларга киргизүү тартиби жана критерийлери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат деп белгиленген.