Кыргызстанда өспүрүмдөр Pfizer вакцинасын сайдырат. Кимдер алышы керек

© REUTERS / AGNIESZKA SADOWSKAPfizer вакцинасы. Архив
Pfizer вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Жазылуу
Министрлик өткөн айдан тарта вакцина алчулардын жаңы категориясын киргизип, балдарды, кош бойлууларды жана бала эмизгендерди эмдөөдөн өткөрө баштады.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүмдөр кандай учурда коронавируска каршы эмделип, кайсы вакцинаны алышы керектигин айтып берди.
Ноябрда калкты максималдуу түрдө эмдөөгө жетишүү үчүн жаңы категория киргизилген. Алар 16-18 жаштагы өспүрүмдөр, кош бойлуулар жана бала эмизгендер болчу.
Министрлик өспүрүмдөр Pfizer Pfizer - BioNTech вакцинасы менен эмделерин билдирди.
"Өнөкөт илдети барлар жана улгайгандар менен дайыма байланышта болгон, ошондой эле өзүнүн да ден соолугу начар балдар биринчи кезекте вакцина алышы керек", — деп жазылган маалыматта.
Кыргызстанга октябрда Американын Pfizer BioNTech вакцинасынын 250 миң дозасы келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0