Сатыбалдиев Элмурза Ракиевич — өмүр баяны

© Фото / Сабыр АйылчиевСатыбалдиев Элмурза Ракиевич
Сатыбалдиев Элмурза Ракиевич  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Элмурза Сатыбалдиев 1966-жылдын 13-мартында Ош облусунун Мырзаке айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1983-1987 — Сузак районундагы мамлекеттик атайын чарбасында жумушчу;
  • 1992-2000 — тергөөчү, прокурордун жардамчысы, орун басары;
  • 2000-2005 — КР транспорт прокурору, Кемин, Жайыл райондорунун жана Ысык-Көл облусунун прокурору;
  • 2006-2007 — КР УКМКсынын төрагасынын орун басары;
  • 2007-2009 — Кыргызстандын башкы прокурору;
  • 2009-2013 — КРдин Волейбол федерациясынын президенти;
  • 2009-2010 — КР президентинин коргонуу, коопсуздук жана тартипти сактоо боюнча мамлекеттик кеңешчиси;
  • 2019 — Азия волейбол конфедерациясынын башкы катчысы.
Юстициянын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
2014-жылы 2010-жылдагы апрель окуялары учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп соттолгон. 2019-жылы Октябрь райондук соту анын соттуулугун алып салган.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына № 12 Өзгөн шайлоо округунан катышып, алдын ала жыйынтык боюнча жеңишке жетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0