Азыгалиев Нурланбек Асанбекович — өмүр баяны

© Фото / Алишер АлиевАзыгалиев Нурланбек Асанбекович
Азыгалиев Нурланбек Асанбекович  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Нурланбек Азыгалиев 1970-жылы 30-августта Фрунзеде (азыркы Бишкек шаары) туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1984-1989 ― Фрунзе атындагы совхоз-техникумун "зоотехник" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 1989-1992 ― К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн;
  • 1993-1998 ― Эгей университетин "зооинженер" адистиги боюнча аяктаган (Түркия, Измир);
  • 1998-2004 ― Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1989 ― Тельман атындагы совхоздо жумушчу;
  • 1998-2000 ― "Роза гүлү" туристтик компаниясынын башкы директорунун орун басары;
  • 2000-2011 ― "Дискавери" түристтик жана логистикалык компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2011-2012 ― "Атриум холдинг" компаниясынын башкы директорунун орун басары;
  • 2013 ― "Анилия" курулуш компаниясынын башкы директору;
  • 2019 ― Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палатасынын төрагасы;
  • 2019 ― Түрк соода палатасы президиумунун мүчөсү;
  • 2019 ― КР Эр эңиш федерациясынын президенти.
Жаңылыктар түрмөгү
0