Күн сууктап, кайрадан кар түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Мындай кескин бузулган аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертишти.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. 26-ноябрда жана 27-ноябрда түнкүсүн аба ырайы бузулуп, Кыргызстандын бир катар аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаап, жолдор тайгак болот. Бул туурасында Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт. 26-27-ноябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9; күндүз -3…+2 градуска чейин болот. Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градуска түшөт.
Дарактын бутагында кар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Декабрда аба ырайы кандай болот. Синоптиктердин божомолу
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6 градус болот. 27-28-ноябрда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн термометр -8…-13, күндүз -1…-6 градусту көрсөтөт.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15 градуска чейин түшө турганы айтылды.
Синоптиктер зымдарга жана бактарга суу кар жабышары күтүлөрүн билдирди.
"Жолдор тайгак болуп, тоңуп, кар күрткүсү жаралат. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт", — деп айтылган маалыматта.
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертишти.
Жаңылыктар түрмөгү
0