Акылбек Жапаров Москвага жөнөп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Жапаров Россиянын өкмөт башчысы менен жолугуп, анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкуулана турганы айтылды.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына жумушчу сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугары пландалып жатат. Анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланмакчы.
Белгилей кетсек, жумушчу сапар тууралуу тараптар 2021-жылдын 18-19-ноябрында Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинде макулдашкан. 
Жаңылыктар түрмөгү
0