Аалиев Кыргызстан Татарстан менен кызматташууга белсенген тармактарды атады

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү Татарстан менен келишимдерге кол коюлуп, соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнө ынтызар.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Кыргызстан Татарстан менен кайсы тармактар боюнча кызматташарын билдирди.
Ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-татар ишкердик форумунда сүйлөдү. Иш-чарага Татарстандын президенти Рустам Минниханов да катышууда.
"Урматтуу форумдун катышуучулары, жакында болгон жолугушууда биз Кыргызстандын Россиянын ири региондорунун бири Татарстан менен инвестициялык жана соода мамилелеринин келечектүү багыттарын өнүктүрүүнү талкуулаганбыз", — деди Аалиев.
Ошону менен катар ал Кыргызстан кызматташууга ниеттенип жаткан багыттарды тизмектеди:
  • Гидроэнергетика;
  • Эки тараптуу соода агымын илгерилетүү;
  • КамАЗ заводунун автобустарын алуу (жакында эле аталган фирманын автобустары келген);
  • Маданий жана руханий долбоорлор.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мамлекеттик органдар максималдуу түрдө ыңгайлуу шарттарды түзүп берерин убадалап, келишимдерге кол коюлуп, соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнө ынтызарлыгын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0