Ли Антонина Семёновна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Бутун Кыргызстан"Ли Антонина Семёновна
Ли Антонина Семёновна  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Антонина Ли 1950-жылдын 18-октябрында Корей Элдик Демократиялык Республикасында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1970-1976 ― Ташкенттеги электротехникалык байланыш институтун "радиобайланыш жана уктуруу" адистиги боюнча аяктаган.
  • 2003-2006 ― Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1969-жыл, январь-март ― Душанбедеги №2 шаардык ооруканада санитар;
  • 1969-жыл, март-июль ― Душанбе шаарындагы байпак фабрикада лаборант;
  • 1970-1973 ―Душанбе шаарындагы №3 радиостанцияда монтер;
  • 1976-1978 ― Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы капиталдык ремонт башкармалыгында инженер;
  • 1978 ― Балыкчы шаарындагы эксплуатациялык-техникалык түйүндө инженер;
  • 1978-1980 ― Бөкөнбаев айылындагы эксплуатациялык-техникалык түйүндө инженер;
  • 1990-1991 ― "Бакыт" муниципалдык ишканасында мастер;
  • 1991 ― Түп райондук байланыш түйүнүндө инженер;
  • 1991-1996 ― "Ликс" ишканасынын директору;
  • 1997-2001 ― Бөкөнбаев айлындагы "Шоола" өкмөттүк эмес уюмунун төрайымы;
  • 2001-жылдан бери "Шоола Көл" коомдук бирикмесинин төрайымы.
Жаңылыктар түрмөгү
0