Кыргызстандыктар телефон жана интернет үчүн канча акча төлөөрү эсептелди

© AFP / PRAKASH SINGHКиши телефон жана ноутбук менен. Архив
Киши телефон жана ноутбук менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Жазылуу
Соңку жылдары өлкө жарандары телефон аркылуу азыраак сүйлөшүп, интернетке өтө баштаганы байкалды.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку беш жылдын аралыгында телефон аркылуу сүйлөшкөндөрдүн саны эки эсеге азайып, интернет колдонгондор үч эсеге көбөйдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин 2016-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялары басылмасында жазылган.
Киши телефон аркылуу сүйлөшүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Акылбек Жапаров: элибиз телефон менен ушакташууга 20 млрд. сом коротуп жатат
Ошол эле учурда интернет-каналдарды берүүдөн кирешеси көбөйө баштаган. Алсак, 2016-жылы кыргызстандыктар интернет үчүн 2 миллиард 974,7 миллион сом төлөсө, 2020-жылы 9 миллиард 57,6 миллион сомго жеткен.
Жалпысынына телекоммуникация чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдөн 22 миллиард 614,1 миллион сом түшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0