00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Что делать, если вас обманули в магазине или при покупке онлайн
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Климаттын өзгөрүшү, өрт жана малдын зыяны шартында токой чарбасын калыбына келтирүү
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Центр ШОС в Кыргызстане: зачем региону общая борьба с преступностью
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кен иштетүү жана экология: талаптарды сактоо жана жоопкерчилик
11:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте ири универсалдуу көргөзмө-жарманке өтөт. Эмне продукция коюлат

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүАгротехнологиялык көргөзмөдө айыл чарба техникалары. Архив
Агротехнологиялык көргөзмөдө айыл чарба техникалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жазылуу
Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы 2 000 чарчы метр аянтка жайылып, арзан баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылды.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жыл сайын өтүүчү "Бишкек Сары-Өзөн 2021" универсалдуу көргөзмө-жарманкесин ачууда. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара Бишкекте 10-ноябрдан 21-ноябрга чейин соода борборлорунун биринде уюштурулмакчы. Ар кандай тармактар боюнча ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы 2 000 чарчы метр аянтка жайылып, базардагыдан төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылды.
Көргөзмөнүн ачылышына премьер-министр Акылбек Жапаров, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев, ошондой эле Россиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн жана Беларусь, Индия, Иран, Пакистан элчиликтеринин өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Иш-чаранын программасы эки чоң бөлүктөн турат.
10-14-ноябрда адистешкен тармактар боюнча универсалдуу көргөзмө өтөт:
  • "Агропродэкспо - 2021" — тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясы, жабдуулар жана айыл чарба техникасы, технология жана ингредиенттер. Таңгактар, кутулар, этикетка жана полиграфия;
  • "Туризм, спорт, эс алуу - 2021" — туристтик объектилердин, шаймандардын жана жаңы турлардын, багыттардын экспозициясы;
  • "Эмерек - 2021" — эмеректер, жасалгалар, дизайн жана интерьер;
  • "Бал өндүрүү - 2021" — бал жана аары багуучулук продукциясы.
Бишкекте алп жаныбарлар менен заманбап техника көрсөтүлдү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Бишкекте алп жаныбарлар менен заманбап техника көрсөтүлдү. Видео
16-20-ноябрда экинчи бөлүгүндө "Алтын күз" аттуу элдик колдонуудагы товарлардын жарманкеси уюштурулат.
Мындан тышкары, "Эң мыкты продукт", "Эң мыкты ишкана" жана "Эң мыкты инновациялык продукт" номинациялары боюнча сынактар өтүп, жеңүүчүлөргө алтын медаль жана дипломдор тапшырылат.
Бардык суроолор боюнча "Кыргыз экспо борборуна" 0(312) 61 01 20 же Соода-өнөр жай палатасынын PR-адисине (0555) 311 355 номери аркылуу кайрылуу сунушталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0