"Түндүк электр" электр эсептегичтерге чек койду. Чоо-жайы

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүИндукционный однотарифный электросчётчик
Индукционный однотарифный электросчётчик - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазылуу
Буга байланыштуу аталган мекеме жарандарды электр жабдууларынын кубаттуулугун карап колдонууга жана электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат.
БИШКЕК, 7- ноя. — Sputnik. "Түндүк электр" электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка чектөө киргизди. Бул тууралуу аталган ачык акционердик коомдун маалымат кызматынан кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлду.
"Суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн жана жарыкты пайдалануудагы чектөөнү сактоо максатында бир фазалуу колдонуучулардын эсептегичтерине беш, үч фазалууларга он киловаттык чек коюлду", — деп жазылат маалыматта.
Буга байланыштуу аталган мекеме жарандарды электр жабдууларын кубаттуулугун карап колдонууга жана үнөмдөөгө үндөгөн.
"Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0