Эскертүү! Боом капчыгайында кийинки аптада кооптуу таш кулатылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы унаа. Архив
Боом капчыгайындагы унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Таштарды түшүрүү иштери 10-12-ноябрда жана 15-19-ноябрда жүргүзүлөт. Жолду инспекторлор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жаап турат.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3902-чакырымы) кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Кара-Кечеде көчкү жүрдү. Көмүр казуу үзгүлтүккө учурабайбы? Видео
Бул убакта ЖКККББ кызматкерлери жолду жарым-жартылай саат 09:00дөн 15:00гө чейин жаап турат.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолсо таштарды түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0