Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБала кар жааган учурда парктта чуркап жүрөт
Бала кар жааган учурда парктта чуркап жүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
5-ноябрда республиканын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаап, жолдорго муз тоңот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Ысык-Көл өрөөнүндө -4…+1 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 0…-2, Ош шаарында +8…+10 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0