Жогорку сот БШКнын Талант Мамытов боюнча даттануусун артка кайтарды. Себеби

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Талант Мамытов. Архив
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, БШК соттун чечими чыккандан кийин календардык үч күндүн ичинде кассациялык тартипте даттанышы керек болчу.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жогорку соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы БШКнын Талант Мамытов боюнча шаардык соттун чечимине каршы даттануусун артка кайтарды. Бул тууралуу аталган органдан билдирди.
Эске салсак, 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Мамытов кызмат ордунан кетпегенин негиз кылып талапкер катары каттоодон баш тарткан. Спикер "Ынтымак" саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган болчу. Мындан улам "Ынтымак" партиясы БШКнын чечимине каршы даттанган. Натыйжада 28-октябрь күнү Бишкек шаардык административдик соту БШКнын чечимин жокко чыгарган. Нааразы тарап Жогорку сотко кайрылган.
"Бишкек шаарынын административдик сотунун 28-октябрындагы чечимине кассациялык даттануу БШК тарабынан 2-ноябрда берилген. Бирок Администрациялык-процесстик кодекстин 203-беренесинин 6.7-бөлүгүнө ылайык, соттун чечими чыккандан кийин календардык үч күндүн ичинде кассациялык тартипте даттанууга мүмкүн. Даттануу мөөнөтү калыбына келтирилбейт. Башкача айтканда, БШК үч күндүк мөөнөт өткөндөн кийин даттанган", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу арыз өндүрүшкө алынбастан, артка кайтарылары белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0