Уракунова Жылдыз Имангазиевна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Уракунова Жылдыз Имангазиевна
Уракунова Жылдыз Имангазиевна  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Жылдыз Уракунова 1973-жылы 25-июнда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Күрмөнтү айылында туулган.
Жогорку билимдүү. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин дүйнөлүк саясат, эл аралык мамилелер жана геосаясат факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 2005 ― КТРКда диктор;
  • 2007-2009 ― КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасында кабарчы;
  • 2009 ― "Kyrgyztoday.kg" интернет сайтында кабарчы;
  • 2010 ― "Сары-Өзөн" ТРКда башкы директордун орун басары;
  • 2010-2012 ― ЭЛТРде редактор, менеджер;
  • 2012-2016 ― КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасында баяндамачы, шеф-редактор, продюсер;
  • 2016-2017 ― "Ала-Тоо 24" маалыматтык каналынын продюсери;
  • 2018 ― Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүндө жана аналитикалык иштер секторунда эксперт;
  • 2018-2021-жылдары КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0