Турдалиев Уланбек Мамасадыкович — өмүр баяны

© Фото / Игорь КоваленкоКандидат в депутаты ЖК от партии "Ата Мекен" Турдалиев Уланбек
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата Мекен Турдалиев Уланбек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Уланбек Турдалиев 1979-жылы 9-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Орто-Токой айылында туулган.
2006-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинде "орус тили жана адабияты мугалими" адистигин аяктаган.
Эмгек жолун студент кезинде күзөтчү, риэлтор, официант, студенттик гезитте журналист болуп баштаган.
  • 2001-2003 — Ош шаарындагы Шевченко атындагы №19 өзбек орто мектепте англис тил мугалими;
  • 2004, март — "Ош жаңырыгы" облустук гезитинде корректор-котормочу;
  • 2004-2010 — "Инэксимбанкта" кредит боюнча эксперт, сектор жетекчиси, чакан кредит берүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2010-жылдан бери коомдук тамактануу тармагында жеке ишкер;
  • 2021 — "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү.
Жаңылыктар түрмөгү
0