00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Вода, переработка и экспорт — замминистра о трёх главных задачах кыргызского агросектора
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что могут сделать омбудсмены России и Кыргызстана если нарушены ваши права
10:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жаш таңдай – 2026” айтышы. Жаштардын төкмөлүк өнөргө кызыгуусу кандай деңгээлде?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
RU ID для въезда в РФ: кому и зачем нужно регистрироваться?
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Батыштан Чыгышка. Дүйнөлүк инвесторлор үчүн Борбор Азия эмнеси менен кызык?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Важен не диплом а портфолио - директор колледжа КРСУ о том как меняются правила игры
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанга Тажикстандан кимдер келе алат. Чек ара кызматынын тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЧек ара кызматкери өткөрүү пунктунда документтерди текшерип жатат. Архив
Чек ара кызматкери өткөрүү пунктунда документтерди текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Ушул жылы жазында өкмөт Тажикстандан адам, товар жана транспортту өткөрүүгө тыюу салып, андан кийин өзгөртүүлөр киргизилген.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын аймагына Тажикстандан этникалык кыргыздар, коңшу өлкөнүн жарандыгы бар КР жарандарынын жашы жете элек балдары, студенттер жана окуу жайларда сабак бергендер келе алат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ушул жылдын 21-майындагы министрлер кабинетинин буйругу менен (30-сентябрда жана 22-октябрда өзгөртүүлөр киргизилген) Тажикстандан "Кулунду", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Бордөбө" жана "Карамык" көзөмөл-өткөрүү пунктулары аркылуу адам, товар жана транспортту өткөрүүгө тыюу салынганын эске салды. Бирок төмөнкү учурларда киргизүүгө болот:
  • өлкөсүнө кайтып келе жаткан Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары;
  • эки өлкөнүн каттоодон өткөн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргызстанда жайгашкан эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү (ТИМге келип-кетүү боюнча алдын ала билдирилиши керек);
  • чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын мүчөлөрү (ТИМге келип-кетүү боюнча алдын ала билдирилиши шарт);
  • этникалык кыргыздардын иммиграциясы жана аларга кепилдиктерди берүү боюнча Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийгендер (ЕАЭБ ченемдери боюнча товарлардын жана транспорттордун киришин документ түрүндө ырастоо менен);
  • Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууга тартылган Тажикстандын жарандары, товарлары жана транспорттору (КРдин Энергетика министрлигинин өтүнүчү боюнча);
  • Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуган, окууга тапшырган жана окутуучу/мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандары (өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги сурам жөнөтүшү керек);
  • Тажикстандын жарандыгы бар КР жарандарынын жашы жете элек балдары (тууган экенин ырастаган документ керек).
"Эскерте кетсек, жогорку категорияга кирген жарандар Кыргызстанга кыргыз-тажик чек арасындагы "Кулунду", "Кайрагач", "Кызыл-Бел", "Бордөбө" жана "Карамык" көзөмөл-өткөрүү пунктулары аркылуу гана кире алат", — деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандын аймагына үчүнчү өлкө аркылуу кирүүгө болбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0